СПА ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООЧУ ПРОЦЕДУРАЛАР

Биздин курорттук-ден соолукту чыңдоочу СПА борборубуз Кыргызстандагы эң чоң борборлордун бири. Бизде заманбап жабдуулар бар жана эң жогорку тейлөөнү көрсөтөбүз. Квалификациялуу кызматкерлер, түрдүү процедуралар жана таза тоонун абасы иммунитетти калыбына келтирүүгө жана ден соолукту чыңдоого жардам берет.

Саламаттык жана СПА

СПА-борбордо кызматтардын кеңири катары бар - ылай аппликациялары, суу процедуралары, физиопроцедуралар, чоңдор үчүн укалоо, балдар үчүн укалоо. Консультацияларды, диагностикаларды да кылабыз. Дүйнөгө белгилүү BTL маркасынын заманбап жабдуулары реабилитацияны жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. HoReCa Kyrgyzstan версиясы боюнча Jannat Resort 2014 жана 2015-жылдын «Мыкты курорттук мейманканасы" жана 2015 менен 2016-жылдарда «Мейманканада мыкты Spa» наамын жеңип алганы менен сыймыктанабыз жана кызматкерлерибиздин көндүмдөрүн жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүүнү улантуудабыз.

ТООДО БАССЕЙН

Минералдык суу менен керемет тоо бассейни, Бассейндин тереңдиги - 1,7 м. Бассейндин өлчөмдөрү - узундугу 23 м, туурасы 12 м. Бассейндин температурасы 28 °C. Эртең мененки саат 9:00дөн түнкү 00:00гө чейин. Ар бир келгенге халат, сүлгү, тапочкалар берилет:.

Кышкы бакча

Мейманкана уникалдуу жерге ээ – экзотикалык канаттуулардын сайраганы менен жана бадалдардын баалуу түрлөрү өскөн чыныгы кышкы бакча. Бул жерде биздин бармендердин автордук рецепттери боюнча даярдалган жыпар жыттуу чай ичсеңиз болот. Ошондой эле машыгуучу жабдуулар жана чуркоо жолу менен толук жабдылган фитнес залы бар.

Жакындарыңызга чыныгы ыракат тартуулаңыз! SPA Сертификаттар

ПОДРОБНЕЕ-KG